Казакстандын президенти: "Акыркы үч жыл бою Кыргыз-Казак өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүү туруктуу өнүгүүдө"

"Кыргыз мамлекети менен эки тараптуу мамилелердин терең институционалдашкандай, Казакстан бир да башка мамлекет менен мындай мамиле жасабайт", - деп бүгүн, 27-ноябрда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын мамлекеттер аралык Жогорку Кеңешинин бешинчи жыйынында билдирди. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Касым-Жомарт Токаев кеңештин мурунку отуруму акыркы жолу 2014-жылы Нур-Султан шаарында өткөнүн эске салды. Ушундай тыныгууга карабастан, кеңеш эки тараптуу мамилелердин бардык спектрлери боюнча маанилүү саясий чечимдердин кабыл алынышына өбөлгө болуучу кызматташтыктын эң жогорку органы бойдон калганын белгиледи.

"Биз кызматташуунун жогорку деңгээлин сактап турууга, биргелешип иштөөнүн жаңы багыттарын табууга жана өнүктүрүүгө умтулабыз. Бул казак-кыргыз мамилелеринин рухуна жана мүнөзүнө шайкеш келет", - деди Касым-Жомарт Токаев.

Ал Казакстан үчүн Кыргыз мамлекети ынак кошуна, боордош мамлекет экенин белгиледи.

"Миңдеген жылдар бою биз достукта жашап келе жатабыз. Кылымдар бою биздин ата-бабаларыбыз тынчтыкта ынтымактуу жашап, оор мезгилдерде бири-бирин колдоп келишкен. Азыр биз өз ара мамилелерибизди мына ошол жаратмандык негизде улантып келе жатабыз", - деди ал.

Касым-Жомарт Токаев эл аралык көптөгөн маселелер боюнча Казакстан менен Кыргыз мамлекетинин көз карашы бирдей экенин белгиледи. Өлкөлөр ортосунда жалпы саны 180 келишимдерден жана макулдашуулардан турган олуттуу келишимдик-укуктук база түзүлгөнүн кошумчалады.

Ал ошондой эле жалпы чек арабыз, калыптанып калган ишенимдүү транспорт инфраструктурабыздын бар экени жана Евразия экономикалык бирдиктин алкагында, өнөктөш экенибиз эки тараптуу мамилелерибиздин артыкчылыгы болуп саналарын белгиледи.

"Ошондуктан Казакстан Кыргыз мамлекетинин алдыңкы соода өнөктөштүктөрүнүн бири катары Кыргыз Республикасынын тышкы соода жүгүртүүсүндө үчүнчү орунду ээлеп келет. Өз кезегинде Кыргыз өлкөсү Борбор Азия өлкөлөрү арасында Казакстандын экинчи өнөктөшү болуп саналат. Акыркы үч жыл бою биздин өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүү туруктуу өнүгүүдө", - деди Касым-Жомарт Токаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан