Беларусь президенти Александр Лукашенко Кыргыз өлкөсүнө келди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун сессиясына катышуу үчүн Кыргыз Республикасына келди. Аны "Манас" эл аралык аэропортунан премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды.
Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюму – "тынчтыкты, эл аралык жана аймактык коопсуздукту жана туруктуулукту бекемдөө" максатын көздөгөн эл аралык уюм.