Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына катышуу үчүн Кыргыз Республикасына келди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, "Манас 2" эл аралык аэропортунан аны премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды.
Жамааттык коопсуздук келишим уюму – "тынчтыкты, эл аралык жана аймактык коопсуздукту жана туруктуулукту бекемдөө" максатын көздөгөн эл аралык уюм.
Уюмга Орусия, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргыз Республикасы жана Тажикстан мүчө болуп саналат.