Кыргыз-Тажик мамлекет башчылары чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кызматташтыкты мындан ары бекемдөө зарылчылыгына көңүл бурушту

Бүгүн, 27-ноябрда президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуу эртең, 28-ноябрда Бишкек шаарында өтө турган Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясынын алкагында болду.

Мамлекет башчылары Кыргыз мамлекети менен Тажикстан ортосундагы кызматташтыктын олуттуу маселелеринин кеңири спектрин талкуулашты, эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн келечегин аныкташты.

Сооронбай Жээнбеков жана Эмомали Рахмон эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын кеңири маселелери боюнча, анын ичинде Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кызматташтыкты мындан ары бекемдөө зарылчылыгына көңүл бурушту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан