Өткөн жылы мамлекеттик бюджет 6 миллиард 188 миллион сом тартыштык менен аткарылган. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Бюджет жана финансы боюнча комитеттин төрагасы Эмил Токтошев билдирди.
"Мамлекеттик бюджет 6 миллиард 188 миллион сом тартыштык менен аткарылып, анын ичинде республикалык бюджет 6 миллиард 453 миллион сом, жергиликтүү бюджет 264 миллион сом - профицит. 2018-жылдын республикалык бюджеттин чыгымдары 122 миллиард 140 миллион сомду түзгөн же ал планга карата 95,2 пайызга аткарылган", - деди ал.
Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин 2018-жыл үчүн аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу” мыйзам долбоору, “Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору, “Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоорлору каралат.