Бүгүн, 28-ноябрда Бишкектин Свердлов райондук сотунда ЖЭБди жаңылоодогу коррупция боюнча соттук отурум уланууда.
Бүгүнкү отурумда тараптарга жарыш сөз берилди.
Учурда мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев жарыш сөзгө чыкты. Ал ЖЭБди жаңылоо боюнча келишимдин Жогорку Кенеште ратификациялоо тууралуу стенограмманы окуп берди. Анда "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев ошол кезде долбоорду колдоо керек экендигин айткан тексттин дагы сөзмө сөз окуду.
Соттук отурум уланууда.