2019-жылы республикалык бюджеттин жалпы кирешеси 155 миллиард 318 миллион сом көлөмүндө каралууда

Бүгүн, 28-ноябрда Жогорку Кеңеште “Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору боюнча маалымат угулууда.

Бюджет жана финансы боюнча комитеттин төрагасы Эмил Токтошев мыйзам долбоору өлкөнү социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү болжолунун өзгөрүшүнүн, өткөн 9 айындагы иш жүзүндө түшүүлөрдүн, жыл аягына чейинки кирешелердин түшүүлөрүн баалоонун негизинде жүргүзүлгөнүн айтты.

"2019-жылы мамлекеттик инвестициялардын гранттарын эске алуу менен республикалык бюджеттин жалпы кирешеси 155 миллиард 318 миллион сом көлөмүндө же ички дүң өнүмдүн 25,9 пайызында каралат. 2019-жылдын бекитилген бюджетине салыштырмалуу республикалык бюджеттин номиналдык маанидеги кирешелери 2,3 пайызга же 3 миллиард 556 миллион сомго көбөйөт.

Республикалык бюджеттин чыгымдарынын жалпы көлөмү финансылык активдерди эске албастан 165 миллиард 264 миллион сом деңгээлинде белгиленген, бул 2019-жылдын бекитилген бюджетинен 3 миллиард 350 миллион сомго көп, анын ичинде бюджеттик каражаттардын эсебинен 137 миллиард 490 миллион сом, бул 2019-жылдын бекитилген бюджетинен 6 миллиард 612 миллион сомго көп. Атайын эсептин каражаттары 13 миллиард 303 миллион сом, бул 2019-жылдын бекитилген бюджетинен 3 миллиард 930 миллион сомго көп. Мамлекеттик инвестициялардын каражаттары 14 миллиард 470 миллион сом.

Ал эми республикалык бюджеттин тартыштыгы 9 миллиард 945 миллион сомду түзөт. Каржы тартыштыгын жабууга 9 миллиард 945 миллион сом көлөмүндө каржылоо булактары каралган, ички булактар боюнча 5 миллиард 190 миллион сом өлчөмүндө оң сальдо, тышкы булактар боюнча 4 миллиард 755 миллион сом өлчөмүндө оң сальдо", - деди Токтошев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан