Бүгүн, 28-ноябрда Жогорку Кеңеште “Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоору каралды. Бюджет жана финансы боюнча комитеттин төрагасы Эмил Токтошев баяндама жасады.
"Мамлекеттик бюджеттин кирешесинин 2020-жылга жалпы көлөмү 183 миллиард 708 миллион сом көлөмүндө же ички дүң өнүмдүн 27,5 пайыз деңгээлинде болжолдонот. 2019-жылдын бюджетине салыштырмалуу кирешелердин номиналдык көлөмдөрү 7,8 пайызга же 13 миллиард 248 миллион сомго көбөйөт.
2020-жылы республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 163 миллиард 710 миллион сом көлөмүндө же ички дүң өнүмдүн 24,5 пайызына каралат. 2019-жылдын бекитилген бюджетине карата кирешелердин номиналдык көлөмдөрү 11 миллиард 948 миллион сомго көбөйөт. 2021-2022-жылдар мезгилинде республикалык бюджеттин кирешелери 164 миллиард 916 миллион сомду жана 169 миллиард 243 миллион сомду түзөт", - деди ал.