2020-жылга республикалык бюджеттин чыгымдарынын жалпы көлөмү 173 миллиард 663 миллион сом болору белгиленүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда Жогорку Кеңеште Бюджет жана финансы боюнча комитеттин төрагасы Эмил Токтошев билдирди.
Жыйында “Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоору каралууда.
"2020-жылга республикалык бюджеттин чыгымдарынын жалпы көлөмү 173 миллиард 663 миллион сом деңгээлинде белгиленген (ички дүң өнүмдүн 26 пайызы). Бул 2019-жылдын бюджетинен 11 миллиард 750 миллион сомго көп. 2021-2022-жылдарда республикалык бюджеттин чыгымдары 173 миллиард 498 миллион сомду жана 174 миллиард 967 миллион сомду түзөт.
Ал эми 2020-жылга республикалык бюджеттин тартыштыгы 9 миллиард 953 миллион сомду же ички дүң өнүмдүн 1,5 пайызын түзөт. 2020-жылы бюджеттин тартыштыгын жабууга 9 миллиард 953 миллион сом өлчөмүндө каржылоо булактары каралган, ички булактар боюнча 3 миллиард 106 миллион сом өлчөмүндө оң сальдо жана тышкы булактар боюнча 6 миллиард 847 миллион сом өлчөмүндө оң сальдо", - деди ал.