Бүгүн, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында республикалык бюджет долбоору каралууда. Жыйын учурунда өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев бажыдагы аткезчилик жөнүндө кеп козгоп, кандай иштер аткарылып жатканы тууралуу маалымат берди.
"Менин, өлкө башчынын жана бажы кызматынын башчысынын иш бөлмөсүнө орнотулган бажы постторундагы онлайн-камералар аркылуу кандай унаалар өтүп жатканын көрүп турабыз. Бул камералар учурда тесттик режимде иш алып барууда", - деди ал.
Депутат Төрөбай Зулпукаров жөнөкөй жарандар мындай жол менен качан көрө башташат деген суроо узатты.
"Учурда жарандардын борбордук аянтты ошентип көрүү мүмкүнчүлүгү бар. Ал эми бажы пункттарын качантан баштап онлайн көрө алышат?" - деди.
Буга өкмөт башчы: "Учурда бул онлайн-камералар тесттик режимде иш алып барып жатат. Анын да өзүнүн кыйынчылыктары жана мүчүлүштүктөрү бар. Баары жайына келтирилген соң ар бир жаран көрө ала турган сайт ишке киргизилмекчи", - деди ал.