2019-жылы 120 миң мугалимдин айлык акысы көбөйдү, эң азына 4 миң 500 сом кошулса, эң көбү 13 миң сомду түздү. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.
"2019-жылы 120 миң мугалимдин айлыгы көбөйтүлдү. Мугалимдердин айлыгына эң аз дегенде 4500 - 5000 сомдон тажрыйбасына жараша айрымдарына 8 миңден 10 миң сомго чейин кошулду. Ал эми алыскы тоолуу аймактарда иштеген айрым мугалимдерге 11 миңден 13 миң сомго чейин кошулду. Буга бюджеттен 8 миллиард сом талап кылынат.
Мындан сырткары, октябрь айынан тарта өлкөдө пенсия көтөрүлдү. Эң аз кошулганы 325 сомдү түзсө, айрымдарыныкы 5 миң сомго чейин көбөйдү. Буга бюджеттен акыркы 3 ай аралыгында 660 миллион сом сарпталды.
Биздин мамлекетибиздин желегин желбиреткен спортчуларыбыздын машыктыруучуларынын айлык акысы 50 пайызга көбөйтүлсө, илимдин академиктеринин акылары 30 пайызга көбөйдү", - деди өкмөт башчы.