КҮНСОБОЛ: Бийликтин кадырын түшүргөн деп социалдык тармактын колдонуучусун камакка алууну коомчулук эмне деп кабыл алуусу керек? Ошурахунова: "Саясий абалды курчутуп жатышат"

Аймактар аралык касташууну козутуу фактысы боюнча социалдык тармактын активдүү колдонуучусу БеспределKG баракчасынын администратору Автандил Жоробеков кармалганын УКМК билдирген. Ал 2020-жылдын 24-январына чейин камакка алынган. Жоробековдун карындашы байкеси өлкөгө көп жакшы иштерди кылганын айтып, ал коррупция боюнча айтуудан корккон эмес деп айтып чыкты.

SUPER.KG порталы "Бийликтин кадырын түшүргөн деп социалдык тармактын колдонуучусун камакка алууну коомчулук эмне деп кабыл алуусу керек?" деген собол салды.

Укук коргоочу Динара Ошурахунова социалдык тармактын колдонуучусунун камакка алынышына коомчулук нааразы болуп жатат деген пикирин айтты. "Бийликти сындаган же өзүнүн оюн айткан жарандардын оозун жабууга аракеттер жасалууда. Аны УКМК жасап жатат. Бул деген Конституцияны түздөн-түз бузуп жатат. Президент атайын жарандардын оозун жапкыла деген буйрук бердиби же УКМК өзү ээн баштанып жасап жатабы? Эгер эч кандай буйрук берилбесе, УКМК жетекчилери отставкага кетиши керек. Булар өздөрүнүн туура эмес иштери менен саясий абалды курчутуп жатышат. Мындай иштер жакшылыкка алып келбейт", - дейт Динара Ошурахунова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан