"Түрмөлөрдө отургандардын 55 жаштан ашкандары үчүн кезектеги амнистияны жарыялоо керек", - деп бүгүн, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Урмат Самаев билдирди.
"2016-жылдан бери амнистия жарыялана элек экен. Учурда түрмөдө жазасын өтөп жаткан бул жаштагы 250дөй адам бар. Балким аларга экинчи мүмкүнчүлүк берип, мунапыс беребиз? Мындай жол менен, балким, бюджетке болуп жаткан оорчулукту да жеңилдетербиз", - деди депутат.
Буга өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев: "Сунушуңузду карап көрөлү. Мыйзам чегинде кандай болоорун карап чыгуу керек", - деди.