Саясатчы Камчыбек Ташиев бир адамды каралап, мамлекеттик деңгээлде "монстр" кылып алып чыгуу туура эместигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 28-ноябрда "Азаттыкка" берген маегинде билдирди.
"Бир адамды каралап, мамлекеттик деңгээлде "монстр" кылып алып чыккан туура эмес. Аны "монстр" кылуунун кереги жок. Райымбек Матраимов өтө деле чоң кызматта иштеген эмес. Ал Бажы кызматынын төрагасынын орун басары болгон. Министр, депутат да болгон эмес. Кичинекей эле бир жигит. Ал жакшынакай, карапайым, ийкемдүү жигит. Аны жөн эле мамлекеттик деңгээлге алып чыгып, каралай берген болбойт. Фактылар боло турган болсо, мамлекеттик органдар чара колдонушу керек", - дейт Ташиев.