Депутат Жыргалбек Турускулов реформа жасоо боюнча жумушчу топтордун жыйынтыгын көрүүгө убакыт келгенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Сиздин премьер-министр кызматына келгениңизге 1 жыл 8 ай чамасы болду. Реформа жасоо боюнча жумушчу топтор ар бир министрликте түзүлдү деп сиз да, министрлер да айткан. Кээ бир министрликтерде дагы деле жумушчу топтор иштеп жатканы айтылууда. Реформа жасоо боюнча жумушчу топтордун жыйынтыгын көрүүгө убакыт келди.
Азыр экономикага басым жасашыңыз керек. Социалдык маселелерди депутаттар көтөрүп жатат. Экономика министрлиги, Инвестицияларды илгерлетүү жана коргоо боюнча агенттиги бар, бирок жакшы иш алып барылбай жатат. Инвестиция тартуу боюнча келишимдерди карап, ишке ашырууну өтүнөм", - дейт Турускулов.