"Өкмөт жана премьер-министр, 2018-жылы бюджетти аткарбаганыңар үчүн өзүңөр арыз жазып, кызматтан кетишиңер керек болчу", - деп бүгүн, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Исхак Масалиев билдирди.
Ал өкмөт мүчөлөрүнө кызматтарын тапшырып кетүү боюнча кеңешин берди.
"Урматтуу өкмөт жана премьер-министр, 2018-жылы бюджетти аткарбаганыңар үчүн өзүңөр арыз жазып, кызматыңарды бошотушуңар керек болчу. Салык кызматы менен Бажы кызматынын жетекчилерин кызматтан кетирдиңер. Өзүңөр деле кызматты бошоткулачы. Өкмөткө ишенбестик көрсөтүү боюнча 5-10 депутаттан сурасам, кол койбойбуз деп коюшту. Кеңеш катары айтарым, кызматыңарды тапшырып кеткиле", - дейт Масалиев.