Парламентте БеспределKG баракчасынын администраторунун камакка алынышы боюнча маселе көтөрүлдү

Бүгүн, 28-ноябрда Жогорку Кеңеште депутат Жанар Акаев БеспределKG баракчасынын администраторунун камакка алынышы боюнча маселени көтөрдү.

"Блогер Автандил Жоробеков эки айга камалды. Социалдык тармактагы посттор үчүн камакка алуу бул туура эмес. Жоопкерчиликке чакырган жакшы, бирок пост үчүн 2 айга камап койгон акылга сыйгыс нерсе. Биздин мактана турган жетишкендигибиз сөз эркиндигибиз калды. Ошондой нерсени сактап, колдошубуз зарыл. Туура эмес нерсе болсо эскертүү берүү керек. Бирок минтип камаган туура эмес", - дейт депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан