"Эшикте суук, үйдө балдар күтүп жатат". Депутат Жогорку Кеңештин жыйынын эртерээк бүтүрүүгө чакырды

Бүгүн, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында 2020-жылга карата республикалык бюджет каралды.

Эртең менен саат 9:30да башталган жыйын кечки саат 21:00дө да соңуна чыга элек болчу. Анда суроо берүүгө жазылган депутаттардын саны алгач 85тен ашкан. Учурда алардын жарымынан көбү өз суроолорун берип бүттү.

Депутат Камчыбек Жолдошбаев: "50 депутат сүйлөдү дагы 40 депутат калды. Эгер депутаттар колдоп, өкмөттүн өкүлдөрү каршы болбосо, ар бир фракциядан бирден адам эле сүйлөбөйбү? Ал эми калганын экинчи, үчүнчү окууда карай беребиз. Эч ким таарынбаса керек. Жанатан бери мага ондой депутат келип "эшик суук, үйдө бала-чака күтүп жатат, эмне кылалы?" деп сурап кетишти", - деди Жолдошбаев.

Төрага бул сунушту добуш берүүгө коюп, жыйынтыгында ар бир фракциядан бирден адам сүйлөдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан