Сооронбай Жээнбеков Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушту

Бүгүн, 28-ноябрда президент Сооронбай Жээнбеков Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуу Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын төрагалыгы астында өткөн Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясынын алкагында болду.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз мамлекети менен Орусиянын эки тараптуу мамилелери активдүү динамикага ээ болуп, өлкөлөрдүн кызматташуусу бардык багыттар боюнча жемиштүү уланып жатканын белгиледи.

Ал Орусиянын президентине ЖККУнун алкагында да, эки тараптуу форматта да активдүү жана жемиштүү кызматташуусу үчүн ыраазычылык билдирди.

"Биз дайым сизди Кыргыз мамлекетинде көрүүгө кубанычтабыз. Сизди биздин өлкөдө жакын жана чыныгы дос катары кабыл алышат", - деди Сооронбай Жээнбеков.

Кыргыз-Орус кызматташуусу мындан ары дагы союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүктө өнүгөөрүнө ишеним билдирди.

Владимир Путин Сооронбай Жээнбековго ЖККУдагы төрагалыгынын алкагында аткарылган иштер үчүн ыраазычылык айтты. Эки тараптуу мамилелердин өнүгүүсү үчүн гана эмес, аймактагы кызматташтык жаатында дагы маанилүү болгон көптөгөн маселелер боюнча Кыргыз мамлекети лидерликти көрсөткөнүн белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан