Депутат Масалиев: "Көзөмөлдөөчү системден адамды алып, камераларды коюу керек"

"Көзөмөлдөөчү системден адамды алып, камераларды коюу керек", - деп кечээ, 28-ноябрда жергиликтүү телеканалдардын биринен бажыдагы аткезчилик боюнча арналган телеберүү учурунда депутат Исхак Масалиев билдирди.

Телеберүүдө "Азаттыктын" иликтөөсү боюнча аткезчилик тууралуу маселе көтөрүлүп, ага "Түндүк-чыгыш" бажысынын башчысы Нурлан Ражабалиев, юрист Руслан Эсеналиев жана депозиттерди коргоо боюнча агенттиктин башчысы Эркебек Мурзабеков чакырылган.

"Бизде жол эрежеси боюнча чоң жүк ташуучу унаалар жолдо жүрбөшү керек. Ар бир жерге салмакты жана габаритти көзөмөлдөөчү динамикалык системдерин орнотуп койду. Байкасаңыздар, андай жерлерде ашыкча салмагы үчүн дайыма кечке чейин 10-15тен унаа топтолуп калат. Эртең менен карасаң ал унаалар жок, тоонун аркы бетине өтүп кеткен болот. Кантип өтүп кетти? Билбейбиз. Демек жолдору бар. Ушул системден адамды алып, камераларды койгондо гана мындай көрүнүштөр азаят.

Каалайбызбы, каалабайбызбы экономикада өзгөрүү болмоюнча мындай нерселер улана берет. 1 миллион калкыбыз чет өлкөдө көчө шыпырып жүрсө, 100 миңдей адамыбыз тиричилик кылып, соода менен оокат кылып жатат. Кылмыш болгон күндө деле анан булар эмне кылат, ким багат буларды?", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан