Сооронбай Жээнбеков Борбордук Азия мамлекет башчыларынын экинчи консультативдик жолугушуусуна катышууда

Бүгүн, 29-ноябрда президент Сооронбай Жээнбеков Ташкент шаарында Борбордук Азия мамлекет башчыларынын экинчи консультативдик жолугушуусуна катышууда. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, күн тартибинде кызматташууну кеңейтүү жана аймактагы өлкөлөрдүн жакынкы келечекке карата артыкчылыктуу багыттарын аныктоо маселелери турат.

Консультативдик жолугушуу тар курамда башталарда делегация башчыларынын чогуу сүрөткө түшүүсү болду. Андан кийин жыйын кеңейтилген курамда улантылат.

Экинчи консультативдик жолугушууга Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев жана Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев катышып жатышат.

Жандуу ырдайм деп тамагы кургаган Адилет Азимов. Концерттен репортаж
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан