"Бажы пункттарында кошумча 472 камера орнотулду" деп кечээ, 28-ноябрда жергиликтүү телеканалдардын биринен "Түндүк-чыгыш" бажысынын башчысы Нурлан Ражабалиев билдирди.
Анда "Азаттыктын" иликтөөсү боюнча аткезчилик тууралуу маселе көтөрүлүп, ага Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев, юрист Руслан Эсеналиев жана депозиттерди коргоо боюнча агенттиктин башчысы Эркебек Мурзабеков чакырылган.
"Бүгүнкү күндө бажы пункттарында кошумча 472 камера орнотулду. Анын ичинен "Эркеч-Там" өткөрүү пунктуна 52си орнотулса, 73 камерасы "Торугарт" өткөрүү пунктуна орнотулган. Мындайча айтканда, учурда бажы кызматкерлеринин ар бир кадамы камеранын көзөмөлүндө турат.
"Түндүк" системине кошулган камералар аркылуу учурда президенттик аппарат, премьер-министрдин апараты тесттик режимде бажы пункттарын көзөмөлгө алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Мындан сырткары, ар бир жаран сайт аркылуу бул тесттик режимде иштеп жаткан камера аркылуу көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Ушул кадамдарды жасоо менен биз туура багытта келе жатабыз деп ойлойм. Бажы пункттарын автоматташтыруу тиешелүү деңгээлде болууда", - дейт Ражабалиев.