"Кытай-Кыргыз-Өзбекстан темир жолун куруу аймактын транзиттик дараметин жакшыртып, Европа жана Азияны өз ара көпүрө сыяктуу байланыштырат", - деп бүгүн, 29-ноябрда президент Сооронбай Жээнбеков Ташкент шаарында Борбордук Азия мамлекет башчыларынын экинчи консультативдик жолугушуусунда билдирди.
"Бул аймактар аралык соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, чет элдик инвестицияларды жана алдыңкы технологияларды тартууга мүмкүнчүлүк түзөт. Биз үчүн байыркы Улуу Жибек жолунун бир бөлүгү катары эл аралык автоунаа жана темир жолдорун кеңейтүү, логистикалык борборлорду жана транспорттук терминалдарды түзүү артыкчылыктуу мааниге ээ. Буга байланыштуу эркин товар жүгүртүү жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында бизге мүмкүн болгон бардык багыттардагы транспорт-транзиттик коридорлорду өнүктүрүү боюнча биргелешкен иштерди улантуу зарыл", - дейт президент.
Сооронбай Жээнбеков аймактагы оор жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташууну ишке ашыруу боюнча кызматташтыкты жакшыртууну же тараптардын аймактары боюнча транзиттин тартибин жеңилдетүүнү сунуштады.
"Кыргыз мамлекетинде жаңы жолдорду куруу, азыркы жолдордун сапатын жакшыртуунун эсебинен транзиттик потенциалды жогорулатуу актуалдуу. Бүгүнкү күндө өлкөдөгү 13 магистралдык автоунаа жолдорунда курулуш иштери жүрүүдө. Жол тармагындагы эң ири долбоор - бул Кытай-Кыргыз-Өзбекстан темир жолун куруу. Аны ийгиликтүү ишке ашыруу Европа жана Азиянын ортосундагы өз ара байланыштыруучу көпүрө катары аймактын транзиттик дараметин сезилээрлик жакшыртат", - дейт Сооронбай Жээнбеков.