Мамлекет башчылар Ислам Каримовду эскеришти

Президент Сооронбай Жээнбеков жана бир катар мамлекет башчылары Ташкентте Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовду эскеришти. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кечээ, 29-ноябрда Сооронбай Жээнбеков, Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов, Өзбекстандын өлкө башчысы Шавкат Мирзийоев, Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев Ислам Каримовдун эстелигине гүл коюшту. Эскерүү аземи Ислам Каримов атындагы илимий-агартуучулук мемориалдык комплексинде өткөн.

Мындан тышкары мамлекет башчылары ардактуу коноктордун "Көксарай" резиденциясына кетчү аллеяга биргеликте бак-дарак отургузуу ишине да катышышты.

Айта кетсек, Ташкент шаарында Борбордук Азия мамлекет башчыларынын экинчи консультативдик жолугушуусу өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан