Бүгүн, 2-декабрда "Азаттык радиосунун" журналисттери, алардын арасында иликтөөнүн автору Али Токтакунов УКМКга чакырылды. Бул тууралуу аталган кызматтын маалымат кызматынан билдирди.
"Журналисттерден тышкары Жогорку Кеңештин депутаттары Алтынбек Сулайманов, Дүйшөн Торокулов, экс-депутат Ширин Айтматова, жарандык активисттер, президенттин инаугурациясын өткөрүү боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү Фарид Ниязов, Мухаммедкалый Абылгазиев, Турдуназир Бекбоев жана башкалар чакырылмакчы. Иликтөө иштерин ар тараптуу жана ачык айкын өткөрүү максатында бардык тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.
Сотко чейинки териштирүүлөрдүн алкагында бажы органдарындагы коррупциялык схемага тиешеси бар кызмат адамдары тууралуу, ошондой эле бул факт боюнча башка тиешелүү маалыматтар болсо тергөө органдарына расмий көрсөтмө берүү үчүн кызматташууга чакырабыз. УКМКнын нөөмөт бөлүмүнө 0 (312) 66-04-75; 0 (312) 62-65-04 телефондоруна кайрылууңуздарды өтүнөбүз", - дейт маалымат кызматынан.
Тергөөнүн жүрүшү коомчулукка ар дайым маалымдалып турат.
Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 39-жана 130-беренесинин 1-бөлүгү боюнча катталган журналисттик иликтөө материалдары боюнча сотко чейинки териштирүүлөрдүн алкагында, ведомстволор аралык тергөө тобу тарабынан тергөө иш-чаралары уланууда.