КҮНСОБОЛ: Аялдардын тең укуктуулугуна көңүл бурдуруу максатында аял жылаңач чечингени үчүн музей жетекчиси кызматынан кеткени туура чечим болдубу? Гүлжигит Исаков: "Ката кетиргендер кызматтан алынуу менен гана чектелишет"

Социалдык тармактарга Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде өткөн көргөзмөдө кыздар жылаңачтанып жүргөнүн чагылдырган видео тарап, ал айрым жарандардын катуу нааразычылыгын жараткан. Мындан улам жарандык активисттер нааразычылык акциясына чыгышты. Музейдин жетекчиси Мира Жангарачева бүгүн, 2-декабрда жумуштан кетүү тууралуу арыз жазып, кызматынан бошотулду.

SUPER.KG порталы "Бурулайдын милиция бөлүмүндө бычакталып каза тапканы үчүн ички иштер министри кызматтан бошотулган эмес. Музейде аялдардын тең укуктуулугуна коомчулуктун көңүлүн бурдуруу максатында аял жылаңач чечингени үчүн музей жетекчиси кызматынан кеткени туура чечим болдубу?" деген собол салды.

Жарандык активист Гүлжигит Исаков митинг, революциялар менен келген бийлик мыйзамды сыйлашпайт деген пикирде.

"Бурулайдын окуясына коомчулук катуу реакциясын көрсөткөн жок, ошондуктан эч ким тоготкон эмес. Митинг, революциялар менен келген бийлик мыйзамды сыйлашпайт. Алар митингдердин тилинен гана түшүнүшөт. Ошондуктан митингдерден коркушат. Экинчи фактор, жеңил-желпи чечиле турган маселелер болсо элди сооротуп, чечип коюшат. Ката кетиргендер кызматтан алынуу менен гана чектелишет. Андан ары кетишпейт. Терең изилдеп, тергөө иштерин жүргүзүп, логикага шайкеш жыйынтыкка чейин жеткирсе баарына сабак болмок", - дейт Гүлжигит Исаков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан