Укук коргоочу Азиза Абдирасулова: "Мира Жангарачева музейдин директору болуп келгенде жакшы жылыштар болгон. Аны эки аял жылаңач чыкты деп кызматтан кетирүүнүн канчалык зарылчылыгы бар эле?". КҮНСОБОЛ

Социалдык тармактарга Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде өткөн көргөзмөдө кыздар жылаңачтанып жүргөнүн чагылдырган видео тарап, ал айрым жарандардын катуу нааразычылыгын жараткан. Мындан улам жарандык активисттер нааразычылык акциясына чыгышты. Музейдин жетекчиси Мира Жангарачева бүгүн, 2-декабрда жумуштан кетүү тууралуу арыз жазып, кызматынан бошотулду.

SUPER.KG порталы "Бурулайдын милиция бөлүмүндө бычакталып каза тапканы үчүн ички иштер министри кызматтан бошотулган эмес. Музейде аялдардын тең укуктуулугуна коомчулуктун көңүлүн бурдуруу максатында аял жылаңач чечингени үчүн музей жетекчиси кызматынан кеткени туура чечим болдубу?" деген собол салды.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова анда да бир топ суроолор бар экенин айтты.

"Мира Жангарачева өзү арыз жазып, кызматтан кетти. Эки аялдын жылаңач болуп чечингенинен ким жабыр тартты? "Кырк чоробу" же мен сыйлаган Төрөхан Жунусбеков менен Мелис Аспековбу? Алар кантип жабыр тартты?

Экинчи жагынан карасак, акцияны уюштургандардын максаты эмне болгон? Алар кандай максат менен эки аялды жылаңачтанткан? Ал жерде жаш балдар, өспүрүмдөр бар экен. Акциянын жыйынтыгында бир нерсени күтүш керек да. Алар чындыгында элдин кыжырданышын каалаштыбы? Же алар "өзүбүздүн денебиз кааласак жылаңач жүрүп алабыз, кааласак кийинип алабыз" деген ойлорду айткылары келдиби? Акыркы жыйынтыгына ишене албай жатам. Зордук-зомбулукка кабылган аялдардын көйгөйүн сөзсүз эле эки аял жылаңач болуп чыгып көрсөтүшү керек беле? Мына ушундай суроолор менде да бар.

Бул иш-чараны Мира Жангарачева уюштурган эмес болушу керек. Ал мамлекеттик деңгээлде көп кызмат кылган, билимдүү айым. Жангарачева музейге келгенден кийин жакшы жылыштар болуп жатканы байкалган. Аны эки аял жылаңач чыкты деп кызматтан кетирүүнүн канчалык зарылчылыгы бар эле?", - дейт Азиза Абдирасулова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан