Жарандык активист Төрөхан Жунусбеков: "Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинин жетекчиси кызматтан кеткени туура чечим болду". КҮНСОБОЛ

Социалдык тармактарга Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде өткөн көргөзмөдө кыздар жылаңачтанып жүргөнүн чагылдырган видео тарап, ал айрым жарандардын катуу нааразычылыгын жараткан. Мындан улам жарандык активисттер нааразычылык акциясына чыгышты. Музейдин жетекчиси Мира Жангарачева бүгүн, 2-декабрда жумуштан кетүү тууралуу арыз жазып, кызматынан бошотулду.

SUPER.KG порталы "Бурулайдын милиция бөлүмүндө бычакталып каза тапканы үчүн ички иштер министри кызматтан бошотулган эмес. Музейде аялдардын тең укуктуулугуна коомчулуктун көңүлүн бурдуруу максатында аял жылаңач чечингени үчүн музей жетекчиси кызматынан кеткени туура чечим болдубу?" деген собол салды.

Жарандык активист Төрөхан Жунусбеков музейдин жетекчиси кызматынан кеткени туура чечим болду деген оюн билдирди.

"Маданият, маалымат жана туризм министри бул тууралуу билген эмесмин деп айтты. Ал министрликке маалымат берилбегенин билдирди. Музей жетекчисин жумуштан кетирүү боюнча кол койду. Анын кызматтан кеткени туура чечим болду. Мындай учурда жетекчи кызматтан кетиши керек", - дейт Жунусбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан