Вице-спикер Аида Касымалиева: "Музейдин жетекчиси Мира Жангарачеванын кызматтан алынышына 100 пайыз каршымын". КҮНСОБОЛ

Социалдык тармактарга Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде өткөн көргөзмөдө кыздар жылаңачтанып жүргөнүн чагылдырган видео тарап, ал айрым жарандардын катуу нааразычылыгын жараткан. Мындан улам жарандык активисттер нааразычылык акциясына чыгышты. Музейдин жетекчиси Мира Жангарачева бүгүн, 2-декабрда жумуштан кетүү тууралуу арыз жазып, кызматынан бошотулду.

SUPER.KG порталы "Бурулайдын милиция бөлүмүндө бычакталып каза тапканы үчүн ички иштер министри кызматтан бошотулган эмес. Музейде аялдардын тең укуктуулугуна коомчулуктун көңүлүн бурдуруу максатында аял жылаңач чечингени үчүн музей жетекчиси кызматынан кеткени туура чечим болдубу?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева Мира Жангарачеванын кызматтан алынышы туура эмес чечим болгонун айтты.

"Мен Мира Жангарачеванын кызматтан алынышына 100 пайыз каршымын. Туура эмес чечим болду. Мамлекеттик кызматта мындай эмоционалдуу чечимдер кабыл алынбашы керек. Бул жерде эч бир жүйөө келтирилген эмес. Бул кандайдыр бир топтордон корккондой чечим болду. Мира Жангарачева көргөзмөдөгү жылаңач кыздар тууралуу билбегенин өзү мойнуна алды. Эскертүү берилсе болмок. Маданият, маалымат жана туризм министринин министрликке барган эркектерден корккондой чечим чыгарышы туура эмес болуп калды. Себеби Мира Жангарачева бул кызматка келгенден бери музейге ушунчалык көп адам барган. Көп көргөзмөлөр жасалды. Балдар күнүнө карата сонун көргөзмөлөр болду. Чокморовдун көргөзмөсү дагы Мира Жангарачева тарабынан уюштурулду. Музейдин жамааты дагы аны урматтап, жакшы иш башталган. Азыр бизде башка музей жок. Тарых музейи жабылган бойдон турат. Абдан көңүлүм ооруп жатат. Бизде чындап эле Бурулай өлгөндө ИИМдин башчысы кызматтан кеткен эмес. Бул жерде аял киши, бизде "крышасы жок" деп айтат го, ошондой болуп калды. Таланттуу, акылдуу, көз карандысыз чечимдерди чыгара ала турган айымды жумуштан алуу оңой экен. Ошону менен эле көйгөй чечилип калбайт да", - дейт Касымалиева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан