Депутат Таабалды Тиллаев: "Биздин коомго жылаңач кыздарды көрсөткөн жетекчи кызматтан кеткени туура чечим болду". КҮНСОБОЛ

Социалдык тармактарга Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде өткөн көргөзмөдө кыздар жылаңачтанып жүргөнүн чагылдырган видео тарап, ал айрым жарандардын катуу нааразычылыгын жараткан. Мындан улам жарандык активисттер нааразычылык акциясына чыгышты. Музейдин жетекчиси Мира Жангарачева бүгүн, 2-декабрда жумуштан кетүү тууралуу арыз жазып, кызматынан бошотулду.

SUPER.KG порталы "Бурулайдын милиция бөлүмүндө бычакталып каза тапканы үчүн ички иштер министри кызматтан бошотулган эмес. Музейде аялдардын тең укуктуулугуна коомчулуктун көңүлүн бурдуруу максатында аял жылаңач чечингени үчүн музей жетекчиси кызматынан кеткени туура чечим болдубу?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев музейдин жетекчисинин кызматтан кеткени туура чечим болду деген пикирде.

"Бул жерде музейдин директору өз каалоосу менен кызматтан кетти. Негизи биздин коомго жылаңач кыздарды көрсөткөн жетекчи кызматтан кеткени туура чечим болду. Же андай иштерге каршы болушу керек. Биздин каада-салтыбызга туура келбеген иштерге барган адам кызматтан кеткени туура. Бардык жетекчилер чечкиндүү кадамдарга барышы шарт", - дейт Тиллаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан