Президент: "Мамлекетибиз - аярлуу адамдарга колдоо көрсөтүп, шарттарды түзүп берүүгө умтулууда"

Бүгүн, 3-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин эл аралык күнүнө карата кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Бүгүн дүйнө коомчулугу менен бирге ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандардын эл аралык күнүн белгилейбиз.

Мамлекетибиз - аярлуу адамдарга колдоо көрсөтүп, алардын окуусуна, жашоосуна, эмгектенишине, маданий талаптарынын аткарылышына зарыл шарттарды түзүп берүүгө жана укуктарынын сакталышын, социалдык жактан корголуусун, коом турмушуна оңой катышуусун камсыздоого умтулууда.

Мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды окутуп, алардын руханий өнүгүшүнө жагымдуу шарттарды түзүү үчүн талыкпай эмгектенип жаткан ата-энелерге жана социалдык мекемелердин кызматкерлерине терең ыраазычылык билдирем.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарыбызга жардам көрсөтүү - мамлекетибиздин мындан ары дагы артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп кала берет.

Тагдырдын кыйынчылыктарын жеңип, асыл максаттарга умтулуу менен жашап келе жатышкан кайраттуу мекендештерибизге ден соолук, кажыбас кайрат, бакубат жашоо каалайм", - деп жазылат кайрылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан