Бүгүн, 3-декабрда саясатчы Өмүрбек Текебаев Коррупцияга каршы күрөшүү кызматын УКМКнын курамынан чыгаруу керектигин билдирди. Буга чейин дагы ушундай эле демилгени жарандык активисттер айтып келишкен.
SUPER.KG порталы "Текебаев Коррупцияга каршы күрөшүү кызматын УКМКнын курамынан чыгаруу зарылдыгын айтып чыкты. Аталган кызматты президенттин карамагынан өкмөткө өткөрүп берүү керекпи?" деген собол салды.
Укук коргоочу Динара Ошурахунова Коррупцияга каршы күрөшүү кызматын УКМКнын курамынан чыгаруу керек деген пикирде. "Бул сунуш туура, колдойм. Анткени коррупцияга каршы күрөшүү бул деген жабык органдын колунда болбошу керек. УКМК өзү жабык болуп жатса, эч кандай маалымат бербесе, коррупцияга каршы кантип күрөшөрү түшүнүксүз. Азыр Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы саясий оппоненттерди, бийликти сындаган жарандык активисттерди куугунтукка алган органга айланды. Матраимовдор боюнча чоң чыр-чатактар болуп жатканда аталган кызматтын үнү да чыккан жок. Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы УКМКнын алдында болгону Конституцияга каршы келет. Бул жагдайды Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда да айтып чыкканбыз. Аталган кызмат өкмөттүн алдында түзүлүп, ачык болушу зарыл. Ал жерге репутациясы таза адамдар иштеши керек", - дейт Динара Ошурахунова.