Жарандык активист Адил Турдукулов: "Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы УКМКнын курамынан чыгарылышы керек". КҮНСОБОЛ

Бүгүн, 3-декабрда саясатчы Өмүрбек Текебаев Коррупцияга каршы күрөшүү кызматын УКМКнын курамынан чыгаруу керектигин билдирди. Буга чейин дагы ушундай эле демилгени жарандык активисттер айтып келишкен.

SUPER.KG порталы "Текебаев Коррупцияга каршы күрөшүү кызматын УКМКнын курамынан чыгаруу зарылдыгын айтып чыкты. Аталган кызматты президенттин карамагынан өкмөткө өткөрүп берүү керекпи?" деген собол салды.

КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү, жарандык активист Адил Турдукулов бул сунушту колдой турганын айтты.

"Формалдуу түрдө УКМК өкмөттүн курамына кирет. Бирок УКМК президенттин кол астында иштейт. Мындан улам бул орган саясий курал деп аталып калган. УКМК биринчи кезекте улуттук коопсуздукка көңүл буруп, экстремизмге каршы, тышкы күчтөрдүн чалгындоолоруна каршы иштеши керек деп айтып келгенбиз. Ал эми иликтөө функциялары прокуратурага, Ички иштер министрлигине, Финполго берилиши керек. Башында эле Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы УКМКнын курамына киргени туура эмес болгон. Ошондон улам коррупцияга каршы күрөшү чар-жайыт болуп, аша чапкандык менен өз кызматын аткарып жаткан фактылар дагы көп жолу аныкталган. Коррупцияга каршы күрөшө турган органдар өздөрү коррупцияга белчесинен баткан. Бул кызмат УКМКнын курамынан чыгарылышы керек", - дейт Турдукулов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан