Бүгүн, 3-декабрда саясатчы Өмүрбек Текебаев Коррупцияга каршы күрөшүү кызматын УКМКнын курамынан чыгаруу керектигин билдирди. Буга чейин дагы ушундай эле демилгени жарандык активисттер айтып келишкен.
SUPER.KG порталы "Текебаев Коррупцияга каршы күрөшүү кызматын УКМКнын курамынан чыгаруу зарылдыгын айтып чыкты. Аталган кызматты президенттин карамагынан өкмөткө өткөрүп берүү керекпи?" деген собол салды.
Саясатчы Бектур Асанов бүгүнкү күндө Коррупцияга каршы күрөшүү кызматын өкмөттүн карамагына өткөрүп берүүгө болбойт деген пикирде.
"Менин оюмча, өкмөттүн абалы мындай болуп турганда, Коррупцияга каршы күрөшүү кызматын өкмөткө өткөрүүнүн кереги жок. Эгерде парламент, өкмөт көз карандысыз болсо, анда өткөрүп берсе болот эле. Бүгүнкү күндө аталган кызмат президенттин карамагында эле болгону туура. Келечекте парламенттик систем толук иштеп кетип, парламент мамлекетти башкарууну колго алса, ошондо Коррупцияга каршы күрөшүү кызматын өкмөткө өткөрүп берсе болот", - дейт Бектур Асанов.