Бүгүн, 3-декабрда саясатчы Өмүрбек Текебаев Коррупцияга каршы күрөшүү кызматын УКМКнын курамынан чыгаруу керектигин билдирди. Буга чейин дагы ушундай эле демилгени жарандык активисттер айтып келишкен.
SUPER.KG порталы "Текебаев Коррупцияга каршы күрөшүү кызматын УКМКнын курамынан чыгаруу зарылдыгын айтып чыкты. Аталган кызматты президенттин карамагынан өкмөткө өткөрүп берүү керекпи?" деген собол салды.
УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков аталган кызматтын кыймыл аракети замандын талабына ылайык болуп жатат деген ойдо.
"Бүгүнкү күндө Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы өзүнүн орчундуу иштерин жасап жатат. Аталган кызматтын жасаган иштери, кыймыл аракети замандын талабына ылайык болуп турат. Себеп дегенде Кыргыз мамлекетинде коррупциялык системдер менен күрөшүү кыйын болуп турган заман. Ошого карабастан Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы башка кызматтар менен дагы биргелешип, кызматташып иштерди жасап жатат. Келечекте аталган кызматты УКМКдан бөлүп, өзүнчө өкмөт алдында кызмат жасаганга бардык даярдыктарды жасаш керек", - дейт Медетбеков.