Бүгүн, 4-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Руслан Казакбаев 2020-жылы парламенттик шайлоого мигранттар толук кандуу катышуу үчүн кандай иштер жүрүп жатканын сурады.
"Парламенттик шайлоого чет мамлекеттеги мигранттар толук кандуу катышуу үчүн Орусиянын, Казакстандын, Түркиянын өкмөтү менен сүйлөшүүлөр башталдыбы? Кандай иштер жүрүп жатат?" - деп сурады депутат.
Мамлекеттик миграция кызматынын статс-катчысы Алмаз Асанов бул багытта Борбордук шайлоо комиссиясы менен биргеликте иш-чаралар башталганын айтты.
Учурда Жогорку Кеңештин жыйынында "Тышкы миграция жөнүндө" мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору каралууда.