КҮНСОБОЛ: "Бишкек шаарынын жарымы айылдыктар, бирок биз силердин деңгээлиңерге түшө албайбыз". Отунбаева тилинен жаңылдыбы же анын айткан сөзү орундуубу? Журналист Асыран Айдаралиев: "Отунбаева дүйнөлүк масштабда ой жүгүрткөн инсан"

Утурумдук өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева саясатчы Өмүрбек Текебаевдин китебинин ачылыш аземинде сөз сүйлөп, Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинин мурдагы директору Мира Жангарачеванын кызматтан алынышы боюнча пикирин айтты. Ал "шаардын жарымы айылдыктар, бирок биз силердин деңгээлиңерге түшө албайбыз" деп билдирди. Анын бул сөзү коомчулукта кызуу талкууланып, айрымдары Отунбаеваны сындап жатышса, кээ бирлери коргоп жатат.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Отунбаева "Бишкек шаарынын жарымы айылдыктар, бирок биз силердин деңгээлиңерге түшө албайбыз" деди. Тилинен жаңылдыбы же айткан сөзү орундуубу?" деген собол салды.

Журналист Асыран Айдаралиев Отунбаеванын айткан сөзү орундуу деген пикирин билдирди. "Отунбаеванын айткан сөзү орундуу эле, анын эмнеси бар экен? Ал дүйнөлүк масштабда ой жүгүрткөн инсан. Мен анын ар бир сөзүнө, жасаган кадамдарына жогору баа берем жана түшүнөм. Айылдык экенибиз жалганбы? Ага анчалык теригүүнүн кереги жок, тескерисинче сыймыктанса болот. Ошондой сөздөрдү айтып жолго салып турган адам да керек.

Ал жанагы жылаңач аялды колдоп, туура деген да жок. Сөздү биринчи жакшылап угуп туруп анан ошого жараша чечим чыгарып сүйлөш керек эле. Сүрмө топ айтылган сөздү укпай, көрбөй эле дуулдап, жамандап, жугунду куя берген жакшы көрүнүш эмес", - дейт Асыран Айдаралиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан