Депутат Өмүркулов өлкөдө пенсионерлердин саны жылдан жылга өсүп, өлкөнүн бюджетине күч келе турганын айтты

Депутат Иса Өмүркулов өлкөдө пенсионерлердин саны жылдан жылга өсүп, өлкөнүн бюджетине күч келе турганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 4-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Жылдан жылга пенсияга чыга турган адамдардын саны 20-30 миңге өссө кандай болот? Баарыбыз эле 10 жыл иштегенден кийин жеңилдик алып, пенсия ала беребизби? Ошол үчүн кардиналдуу реформага барбасаңар, аягында туңгуюкка алып келесиңер. Социалдык фонддун акчасына башка бирөөлөр оокат кылбашы керек. Силер Социалдык фонддун каражатынан почтаны, банктарды жана башка түзүмдөрдү кармабашыңар керек. Почтада маселе бар, ал жерде иштегендердин айлыктары 6 миң сом, бул өтө аз. Бирок алардын маяналарын Социалдык фонддун эсебинен көтөрүү туура эмес. Ошондуктан бул багытта өкмөттүн алдыдагы 5 жылга, андан кийинки жылдарга карата программалык саясаты боюнча маалыматын угуу зарыл. Себеби канча каражат максатсыз жумшалып жатат", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан