Депутат Мавлянова: "Элдин баары "мырк" эмес шаардык болуп калганда да глобализациянын тескери көрүнүштөрүнө туруштук берүү керек"

Бүгүн, 5-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Махабат Мавлянова Гапар Айтиев атындагы көркөм-сүрөт музейиндеги көргөзмө тууралуу пикирин айтты.

"Элибиз башка хандыктардын, башка өлкөлөрдүн курамында болуп жүргөн кезде эле тилибизге, маданиятыбызга бүгүнкү күндөгүдөй кыянатчылык мамиле кылган эмес. Мамлекетибиз экономикалык өнүгүүнүн туу чокусуна жетип, демократияны толук орнотуп, айылдарды шаарга айлантып, элдин баары "мырк" эмес, шаардык болуп калганда да глобализациянын тескери көрүнүштөрүнө туруштук берүү керек. Улутубуздун баалуулуктарын жүрөгүбүздө бекем сактап, жазылбаган, каныбызга сиңген улуттук каада-салтыбызды аткарып, жашоону үйрөнүшүбүз зарыл. Кыргыз мамлекетинин өнүгүшүнө тоскоол жаратуучу бир нече фактылар бар. Трайбализм фактылары аз келгенсип шаардык, айылдык факторлорду жарыялап жатышат. Бул туура эмес. Бизге батыш, чыгыш элинин маданиятын таңуулоонун кереги жок.

Кийимсиз аялдардын жогорку искусствосун баары түшүнөт. Бирок биз жакшы түшүнүп коюшубуз керек. Булар бизге жат көрүнүш, маданиятыбызга туура келбейт. Эмнеге элдин арасында агрессия, зордук-зомбулук күчөп жатат? Себеби биз улутубуздун күчүн жоготуп коюу коркунучунда турабыз. Адамды адепке тарбиялабай, билимге сугаруу коомго коркунучтуу бирөөнү кошууга барабар. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги, тийиштүү мекемелер балдарга тарбия, адепти үйрөтүү үчүн программа киргизүүсү шарт. Жылаңач аялдын көргөзмөсү маданияттын туу чокусунда болгон музейде өтүп жатат. Бул музейдин жетекчисинин эле күнөөсү эмес. Маданият министрлигинин дагы күнөөсү бар. Ошону өкмөт карашы керек", - дейт депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан