Депутат: "Өлкө аймагына кирген адамдардын ВИЧ инфекциясына чалдыккан-чалдыкпаганын текшерип, абалды көзөмөлгө алышыбыз керек"

"Өлкө аймагына кирген адамдардын ВИЧ инфекциясына чалдыккан-чалдыкпаганын текшерип, абалды көзөмөлгө алышыбыз керек", - деп бүгүн, 5-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сагындык Келдибаев билдирди.

"Статистикалык маалыматтарга караганда, Кыргыз өлкөсүндө ВИЧ инфекциясы менен ооруган 9 миңге чукул адам бар. Ал эми эмгек миграциясында жүрүп, чет өлкөлөрдө мындай дартты жугузуп алган 480 адам кайтып келген. Мындай абал коңшу өлкөлөрдө деле бар, бирок биз ага каршы туруу жаатында тийиштүү чараларды көрүшүбүз керек. Ансыз калкыбыздын келечегине балта чаап алабыз. Чет өлкөлөрдөн Кыргыз жарандары эле эмес, чет өлкөлүк жарандар, миңдеген туристтер менен студенттер келүүдө. Биз аэробекеттерде, темир жол бекеттеринде, чек аралардагы өткөрүү жайларында атайын лабораторияларды ачып, өлкө аймагына кирген адамдардын ВИЧ инфекция дартына чалдыккан-чалдыкпаганын текшерип, абалды көзөмөлгө алышыбыз зарыл. Ансыз бул жугуштуу дарттын жайылышын токтото албайбыз. Өкмөт бул багытта тийиштүү чараларды көрүүгө тийиш", - деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан