КҮНСОБОЛ: Жасалма паспорт чуусу жасалма унаа номеринин чуусуна өттү. Тийиштүү расмий органдар эмне үчүн мындай көрүнүшкө олуттуу чара көрбөй жатат? Сулайманов: "Жасалма унаа номерин жөнөкөй адамдар тага албайт"

Социалдык тармакта 578 АСD мамлекеттик номер менен жүргөн бир канча унаанын сүрөттөрү жарыяланып, анын айдоочусу Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Алмаз Мамбетов болушу мүмкүн экендиги талкууланган. Мамлекеттик каттоо кызматынан аталган унаада Алмаз Мамбетов эмес экендигин билдиришти. Жыйынтыгында бул унаа номерине издөө жарыяланды.

SUPER.KG порталы "Жасалма паспорт чуусу жасалма унаа номеринин чуусуна өттү. Тийиштүү расмий органдар эмне үчүн мындай көрүнүшкө олуттуу чара көрбөй жатат?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов тийиштүү органдар тарабынан чаралар көрүлүп жатканын айтты. "Жасалма унаа номерин жөнөкөй адамдар тага албайт. Аны ошол күч органдары же болбосо Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлери тагышы мүмкүн. Жөнөкөй эл аны таккандан коркушат. Бул көрүнүш жакшы эмес. "Коопсуз шаар" долбоору бул көрүнүштү өзүнүн ордуна коёт болуш керек. Тийиштүү органдар чаралар көрүлүп жатканын айтышууда. Негизи бул багытта чаралар көрүлүп жатат", - дейт Сулайманов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан