Депутат Таабалды Тиллаев журналисттик иликтөөдө айтылган 700 миллион доллардын мамлекетке тиешеси бар-жогун сурады. Бул тууралуу ал бүгүн, 5-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков аталган суммадагы акча каражаты мамлекетке, бюджетке тиешеси жоктугун айтты. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Бакир Таиров бул каражат соодагерлердин акчасы болгонун билдирди. "Тиешелүү расмий документтер бар, ал акчанын бюджетке эч кандай тиешеси жок", - деди Таиров.
Учурда жыйында аткезчилик жолу менен ташылып келген товарлар боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу өкмөт маалымат берип жатат.