"Укук коргоо органдарынын жашоо-шарты жакшыртылмайынча аткезчилик менен коррупция токтобойт" дейт депутат Кожобек Рыспаев. Бул тууралуу ал бүгүн, 5-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Депутат Мирлан Жээнчороев ИИМ алдындагы уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүүчү башкармалыктын кызматкерлеринин санын кыскартпоо керектигин белгиледи. Ал эми депутат Талант Мамытов Ички иштер министрлигинин кызматкерлери мамлекет тарабынан үй менен камсыздоо сыяктуу стимул берүүчү иш-аракеттер болуусу зарыл экенин айтты.