Социалдык тармакта 578 АСD мамлекеттик номер менен жүргөн бир канча унаанын сүрөттөрү жарыяланып, анын айдоочусу Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Алмаз Мамбетов болушу мүмкүн экендиги талкууланган. Мамлекеттик каттоо кызматынан аталган унаада Алмаз Мамбетов эмес экендигин билдиришти. Жыйынтыгында бул унаа номерине издөө жарыяланды.
SUPER.KG порталы "Жасалма паспорт чуусу жасалма унаа номеринин чуусуна өттү. Тийиштүү расмий органдар эмне үчүн мындай көрүнүшкө олуттуу чара көрбөй жатат?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков мындай көрүнүштөргө чара көрүлүшү керек деген пикирде.
"Бийликтин ичинде көпкөндөр, кол тийбестер, "свои" деген адамдар бар. Алар үчүн Кыргыз мамлекетиндеги көп эрежелер, мыйзамдар, улуттук талаптар таасир бербейт. Өздөрүнүн коомго болгон көз карашы бар. Ушундай топтордун ичинде бир өзгөчө номерлер менен жүргөн адамдар бар, аларга милиция, УКМК тийишпейт. Бул бийликтин ичиндеги өздөрүнүн мыйзамы. Мындай номерлер көп адамдарда бар. Жашыруун номерлер менен жүрүшөт. Албетте, коомдук пикир жаралгандан кийин укук коргоо органдары аларды жазалап, чара көрүлүшү зарыл", - дейт Равшан Жээнбеков.