Жогорку Кеңеште укук коргоо органдарынын уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттерин канааттандырарлык деп табылды

Бүгүн, 5-декабрда Жогорку Кеңеште укук коргоо органдарынын уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттери каралды. Бир катар депутаттар аткаруу бийлиги тарабынан жасалып жаткан иштер коомчулукка жетиштүү деӊгээлде түшүндүрүлбөй жатканын сынга алышты.

Депутат Акылбек Жапаров укук коргоо органдарынын натыйжалуу иштеши үчүн дагы кандай жабдууларды, программалык камсыздоолорду алууга каражатты парламенттин токтому менен бекитип берүүнү сунуш кылды.

Жыйынтыгында Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин корутундусунун негизинде укук коргоо жана башка мамлекеттик органдарынын аткарган иши канааттандырарлык деп табылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан