Депутат Өмүрбек Бакиров энергетика тармагын текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзүү боюнча маселени күн тартибине киргизүүнү сунуштаган.
Кечээ, 6-декабрда Жогорку Кеңеште депутаттык комиссия түзүү боюнча токтом кабыл алынды. Убактылуу депутаттык комиссиянын курамына төмөнкү депутаттар кирди. КСДП фракциясынан Мухтар Айнакулов, Өмүрбек Бакиров, Айнура Осмонова, Ильхом Мананнов, "Республика – Ата Журт" фракциясынан Умбеталы Кыдыралиев, Максат Сабиров, "Кыргызстан" фракциясынан Тынчтык Конушбаев, Алмазбек Токторов, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан Зиядин Жамалдинов, "Бир Бол" фракциясынан Акылбек Жапаров, "Ата Мекен" фракциясынан Бахадыр Сулейманов.