Кечээ, 6-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нурбек Тотонов идеологиялык иштерди жүргүзө турган, кыргыз элинин маданиятын, менталитетин жакшы түшүнгөн мамлекеттик катчы институтун кайрадан түзүүнү сунуштады. Ал коомчулукта ушундай суроо-талаптар пайда болгонун айтты.
SUPER.KG порталы "Парламентте мамлекеттик идеология көйгөйү көтөрүлүп, мамлекеттик катчынын институтунун кайтаруу керектиги айтылды. Мамлекеттик идеологияны мамлекеттик катчысыз эле жүргүзүүгө болбойбу?" деген собол салды.
Кыргыз мамлекеттик циркинин директору Фархад Бекманбетов мамлекеттик катчы институту кайрадан түзүлсө туура болмок деген пикирде.
"Мурда мамлекеттик катчы деген институт бар болчу да. Азыр мамлекеттик идеология боюнча тыгыз иштеген киши жоктой сезилет. Эгерде мамлекеттик катчы болсо мамлекеттик идеологияны алып барганга шарт түзүлөт. Мамлекетти катчы институту кайрадан түзүлсө жакшы болмок", - дейт Бекманбетов.