Өкмөт башчы: "Айыл чарба тармагы мурда ИДПнын үчтөн бир бөлүгүн түзсө, азыр көрсөткүчү үч эсе азайды"

Айыл чарба тармагы ИДПнын үчтөн бир бөлүгүн түзсө, азыр көрсөткүчү үч эсе азайды. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын өкүлдөрү менен жолугушканда айтканын өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

«Дүйнө жүзүндө экономиканын өнүгүүсү үчүн бизнес-коомчулугун колдоо маанилүү ролду ойнойт. Учурдагы экономикалык абалды эске алганда, мындай колдоо биздин өлкөгө дагы керек. Агрардык чөйрө биз үчүн дайыма артыкчылыктуу багыттардан болуп келген жана боло бермекчи. Өлкө калкынын 65 пайызга жакыны айыл жергесинде жашайт, алардын көпчүлүгү дал ушул айыл чарбасы менен жан багат. Бирок мурда тармак ИДПнын үчтөн бир бөлүгүн түзсө, азыр көрсөткүчү үч эсе азайды. Көпчүлүк учурда бул дүйнөлүк рыноктогу атаандаштыктын өсүшү жана айыл чарба продукцияларын өстүрүү боюнча жаңы технологиялардын пайда болушунан улам болууда», - деди Абылгазиев.

Өкмөт башчы агроөнөр жай тармагын өнүктүрүүнүн кийинки кадамдарын иштеп чыгуу үчүн бул чөйрөдөгү ири ассоциациялардын өз ара кызматташуусунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

«Көпчүлүк экологиялык жактан таза продукцияны өстүрүүгө караганда, импорттолуп келген продукцияны сатып алууга артыкчылык берерин тажрыйба көрсөтүүдө. Заманбап трендди эске алуу менен, ата мекендик айыл чарбаны өнүктүрүү керек. Биз аймактарды кластердик багыттар боюнча бөлдүк, буларды жүзөгө ашыруу менен региондордун экономикалык дараметин көтөрүүгө жана айыл элинин жашоо деңгээлин жакшыртууга шарт түзөт. Фермердик чарбалардын чачыранды жана чакан болушу тийиштүү деңгээлдеги экономикалык натыйжаны бербей жатат. Келечектеги жумуштарды карап чыгып, кеңири масштабдуу иштерди жасоо керек. Буга байланыштуу муну менен биз кооперациялардын өнүгүшүнө жана элеттеги товар өндүрүүчүлөрдү чыңдоого жетишерибизге ишенип жатабыз», - деди премьер-министр.

Мухаммедкалый Абылгазиев агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын артыкчылыктуу багыттарды эске алуу менен, агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүнүн так планын иштеп чыгуунун зарылдыгы жөнүндөгү сунушун колдоду.

«Ата мекендик айыл чарбадагы олуттуу өзгөрүүлөргө карабастан, дагы да жасай турган иштерибиз көп. Биз фермерлерге жеңилдетилген кредиттерди, лизинг шартында атайын техникаларды берүү менен аларга активдүү түрдө көмөктөшүүгө аракет кылып жатабыз. Ошол эле учурда биздин алдыбызда ар бир үйдүн дасторкону ата мекендик продукцияларга толуп турушу үчүн биргеликте иш жүргүзүүбүз керек», - деп өкмөт башчы сөзүн жыйынтыктады.

Маалымдама: «Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясы» 2019-жылдын август айында түзүлгөн. Ал чийки заттардын базасын, Кыргыз Республикасындагы фермерлердин абалын жакшыртуу жана кыргыз продукциясынын экспорттук дараметин жогорулатуу үчүн кайра иштетүүчү ири ишканаларды бириктирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан