Бүгүн, 9-декабрда Кыргыз сотунун 95 жылдыгына карата иш-чара өтүүдө. Ага президент Сооронбай Жээнбеков катышып жатат.
"Адилеттүү, ачык-айкын, көз карандысыз сот системин курбай туруп, мамлекетти өнүктүрө албайбыз. Ансыз экономиканы, социалдык чөйрөнү алга сүрөө, жарандардын укугун коргоо, адилет мамлекеттик башкарууну түзүү мүмкүн эмес. Ошондуктан сот реформасын жалпы өлкөнүн өнүгүүсүнө түздөн-түз таасир эткен реформа катары кабыл алуу керек. Сотко болгон ишеним жалпы мамлекеттик бийликке болгон ишеним. Сот бийлигине ишеним болгондо гана алга жылуу, өнүгүү болот.
Сот реформасынын ишке ашырылбай, артка жылдырылып келгени өлкөбүздүн өнүгүүсүнө кедерги болгон тоскоолдуктардын бири болду. Ошондуктан реформаны аягына чыгаруу керек. Мамлекет бул иште сотторго ар тараптан колдоо көрсөтүп жатат. Соттор көз карандысыз болушу зарыл. Башкалардын таасири менен туура эмес чечим чыгаруу мүмкүндүгүн жоюу шарт. Бирок сот бийлигинин көз карандысыздыгын жеке судьянын өзүм билемдиги деп түшүнүүгө болбойт. Ар бир судья кабыл алган чечими үчүн өлкөбүздүн алдында жоопкер", - дейт президент.