Баткен облусунун Лейлек районунда жансыз денеси табылган аялдын аты-жөнү такталды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, маркумдун аты-жөнү 5-декабрда такталган.
"Маркум Тажикстандын Согдий облусунун 39 жаштагы Т.А. аттуу жараны болгон. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө анын эки баласы бар болгону аныкталган. Бул факты боюнча шектүү кармалып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал сабалып өлтүрүлгөн", - деди басма сөз кызматынан.
Баткен облусунун Лейлек районунда белгисиз аялдын жансыз денеси 23-ноябрда Кулунду—Жаңы-Жер унаа жолунан табылган.